Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2022-жылдын 08-июлу № 59/12-28
Аз камсыз үй-бүлө категориясы боюнча учётко коюуга
критерий киргизүү жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Е.А.Мыльникованын аз камсыз үй-бүлө категориясы боюнча учётко коюуга критерий киргизүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап чыгып, калктын кайрылууларынын ай сайын өсүшүн жана учётко коюлган үй-бүлөлөрдүн миграциясын эске алуу менен, кайрылуучулардын жатып ичерлигин жоюу максатында, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аз камсыз үй-бүлө категориясы боюнча мэриянын учётуна турууга кайрылган үй-бүлөлөрдү тандоодо үй-бүлө Орловка шаарынын мэриясынын аймагында акыркы үч жана андан ашык жыл жашоосу шарт деген критерий киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык жана укук тартиби маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Р.А.Ашымбекова жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |