ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVII кезекcиз сессиясы
2023-жылдын 13-январы № 77/17-28
Мүлк салыгын киргизүү
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 09-3-11/290/11231 катынын негизинде, Орловка шаарынын мэриясынын кирешелер боюнча башкы адиси - Т.Б.Бековичтин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, ошондой эле 2022-жылдын 18-январындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагына мүлк салыгы киргизилсин;
2. Салыктын ставкалары өзгөрүүсүз калтырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |