ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVII кезекcиз сессиясы
2023-жылдын 13-январы № 78/17-28
Орловка шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн Орловка шаарынын №2 суу сактагычын оңдоого Кемин райондук өнүктүрүү фондуна 4 302 086 сом суммасында долбоорго өтүнмө берүү, ошондой эле жалпы суммасы 1 миллион сомго Окторкой коктусуна 3 тереңдик насосторду сатып алуу жөнүндө
“Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын директору - Т.А.Тентиевдин.
« Орловка шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн Орловка шаарынын №2 суу сактагычын оңдоого Кемин райондук өнүктүрүү фондуна 4 302 086 сом суммасында долбоорго өтүнмө берүү, ошондой эле жалпы суммасы 1 миллион сомго Окторкой коктусуна 3 тереңдик насосторду сатып алуу жөнүндө» кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн Орловка шаарынын №2 суу сактагычын оңдоого Кемин райондук өнүктүрүү фондуна 4 302 086 (төрт миллион үч жүз эки миң сексен алты) сом суммасында, ошондой эле жалпы суммасы 1 миллион сомго Окторкой коктусуна 3 тереңдик насосторду сатып алуу долбооруна өтүнмө берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго, ошондой эле Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |