Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2022-жылдын 08-июлу № 57/12-28
Жер тилкени жайыт жер категориядан коргоо жана транспорт, өнөр жай, байланыш жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жаңы металл тирөөч орнотуу үчүн 120 кв.м. жер тилке бөлүүгө көмөктөшүү жана уруксат берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы металл тирөөч орнотуу үчүн № 69 контурундагы 120 кв.м. жер тилкени жайыт жер категориядан коргоо жана транспорт, өнөр жай, байланыш жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |