Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаарынын кеңешинин IV чакырылышынын кезекcиз 40- сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты № 175

 Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 2-февралындагы 01-06-169 номери менен чыгышталган кайрылуусу жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 2-февралындагы 01-06-169 номери менен чыгышталган “Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинин футбол жана баскетбол аянтчаларынын айланасына резина аянтчасын орнотууга жергиликтүүбюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү” кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо, экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз

     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. А.Айтматов атындагы гимназия мектебинин футбол жана баскетбол аянтчаларынын айланасына резина аянтчасын орнотууга жалпы суммасы 4 124 598 (төрт миллион бир жүз жыйырма төрт миң беш жүз токсон сегиз) сомду түзгөн сметалык долбоордун 200 000 (эки жүз миң) сомдук өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.

 2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

       

 

 

Кадамдай шаардык кеңешинин төрагасы

А.А.Абдыразаков