Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2022-жылдын 27-апрели № 54/11-28
Жер тилкени баланска кабыл алуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун Талды-булак суусунун куйган жеринде жайгашкан аянты 32 га мурун дачалар катары колдонулган жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу зарыл экендиги жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-булак суусунун куйган жеринде жайгашкан №136 контурундагы аянты 32 га жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынсын.
2. “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Кемин филиалынан аталган жер тилкеге укук күбөлөндүрүүчү документтери алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |