Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XI кезексиз сессиясы
2022-жылдын 27-апрели № 53/11-28
“Орловка” муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун Орловка шаарынын мэриясына караштуу турак жай-коммуналдык чарбанын базасында муниципалдык ишкана түзүү зарылчылыгы жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып ,Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын базасында “Орловка” муниципалдык ишкана түзүлсүн.
2. Орловка шаарынын мэриясы муниципалдык ишкананы түзүү жана каттоодон өткөрүү тартибин баштоого жооптуу кызматкерди дайындасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |