Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы

 

2023-жылдын 31-январы № 82/18-28

Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2022-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 1 жана 3 пункттарына ылайык, Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин бухгалетери – Г.Ф.Курносованын жана төрагасы К.Джумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2022-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету эске алынсын.

2.            2023-жылга Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин бюджети бекитилсин.

3.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы - Б.М.Шакировго жана бюджет менен финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.И.Токтакунов