Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы

 

2023-жылдын 31-январы № 83/18-28

Орловка шаарынын мэриясынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет менен финансы боюнча туруктуу комиссиянын жыйынтыгынын негизинде, бюджеттин аткарылышын карап жана талкуулап чыгып, 2022-жылга киреше бөлүгү жалпысынан 111222,4 миң сом менен бекитилген, анын ичинде жергиликтүү бюджет-107212,4 миң сом, атайын эсеп каражаттар -  4010,0 миң сом түзгөнү белгиленди. Отчеттук жылдын киреше бөлүгүнүн айкын аткарылышы 120579,6 миң сом, такталган план менен - 116512,3 миң сом, анын ичинде атайын эсеп - 5268,1 миң сомду түздү. Такталган планда - 146171,9 миң сом, 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы - 132374,7 миң сом,анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаттары - 120600,8 миң сом, атайын каражаттар - 7547,4 миң сом, республикалык бюджеттин каражаттары - 4226,5 мин сомду түздү. Акча каражаттардын өтмө калдыгы 2022-жылдын 1-январына карата 17864,5 миң сомду түздү, анын ичинде 3229,5 миң сом – атайын каражаттар, 14635,0 миң сом - бюджеттик каражаттар. 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү атайын эсебин алуу менен жалпысынан 132374,7 тыс.сом, анын ичинде:

 -70111 «Мэриянын аппараты» - 8348,7 миң сом –бюджеттик каражаттар;

                      Респ.бюджет – 2349,0  миң сом;

-70111 «Шаардык кеңеш»- 1043,1 миң сом –бюджеттик каражаттар;

                      Респ.бюджет – 100,2  миң сом;

-70629 «ТКЧ» -75310,2 миң сом –бюджеттик каражаттар;

2839,6 миң сом –атайын каражаттар

-70823 «Маданият» -2794,8 миң сом –бюджеттик каражаттар;

                                Респ.бюджет-967,7 миң сом

-71092 «Соцкамсыздоо» - 3412,1 миң сом–бюджеттик каражаттар; жеңилдиктер респ/бюджет-23,8 миң сом.

-70911 «Бала бакчалар» -12978,7 тыс. сом –бюджеттик каражаттар;

                       4650,5 миң сом –атайын каражаттар;

-70921 «Орто мектептер» - 14755,0 миң сом – бюджеттик каражаттар;                  

-70961 «Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби»-2432,8 миң сом –бюджеттик каражаттар;

-70429 «Жайыт комитет» - 311,2 миң сом.

      57,3 миң сом –атайын каражаттар.

 

            Киреше бөлүктүн аткарылышы бекитилген планга карата 108,4%, такталган планга карата 103% түзөт. Чыгаша бөлүктүн аткарылышы бекитилген планга карата 119,0 %, ал эми такталган планга карата 90,5%.түзөт.

 

Орловка шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасованын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Орловка шаарынын мэриясынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.

   

 

 

Төрага

М.И.Токтакунов