Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-марты № 50/10-28
Коммерциялык жер тилкелердин ижарасынын базалык ченин бекитүү жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Т.Н.Темиркановдун калктуу конуштардын ичинде коммерциялык жер тилкелердин ижарасынын базалык ченин бекитүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасынын негизинде,Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагында калктуу конуштар ичиндеги коммерциялык жер участоктордун ижарасынын базалык чени 1 (бир) квадраттык метрге 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин .
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |