Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-марты № 49/10-28
Орловка шаарынын мэриясынын балансына ээсиз жер тилкени
кабыл алуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун Орловка шаарынын Первая көчөсү № 9 дарегиндеги ээсиз жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пункту, 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде,Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Первая көчөсү №9 дарегиндеги ээсиз жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу үчүн сотко тапшырыла турган тийиштүү материалдар мэрия тарабынан даярдалсын жана “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Кемин филиалына ээсиз деп учётко коюлсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |