Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы

 

2023-жылдын 31-январы № 85/18-28

Орловка шаарынын мэриясынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2024-2025 жылдарга болжолу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Орловка шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмү берген 2024-2025 жылдарга прогнозду, 2023-жылга бюджет долбоорунун чыгаша жана киреше бөлүгүнүн сметасын толуктоо жана оңдоо киргизүү менен, карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орловка шаарынын мэриясынын 2023-жылга жергиликтүү бюджети төмөнкүдөй бекитилсин:

- 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 111094.4 миң сомду түздү, анын ичинде 106294.4 миң сом – бюджеттик каражаттар жана 4800.0 миң сом – атайын каражаттар.

- 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык жалпысынан атайын эсеп менен 111094.4 миң сомду түздү, анын ичинде:

- 70111 «Мэриянын аппараты»- 1181,7 миң сом-бюджеттик каражаттар;

- 70111 «Жергиликтүү кеңеш», - 1024,3 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 70629 «ТКЧ».- 57026,2 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 70823 «Маданият» - 5307,3 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 71092 «Соцкамсыздоо» - 4304,0 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 70911 «Бала бакчалар» - 12624,7 миң сом - бюджеттик каражаттар жана 4010,0 миң сом – атайын каражаттар;

- 70921 «Орто мектептер» -9114,3 миң сом - бюджеттик каражаттар;

- 70961 «Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеп» - 4073,1 миң сом - бюджеттик каражаттар.

- 70429 «Жайыт комитет» -305,0 миң сом.

2. Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбанын 13 жумушчусуна ай сайын атайын тамактануусуна 3000,0 сомдон жана коммуналдык кызмат төлөмдөрүнө 4000 сомдон акча каражат чыгаша сметада каралсын.

3. Орловка шаарынын мэриясынын 20 кызматкерине кыш-күз мезгилинде катуу отун сатып алууга бир жолку материалдык жардам катары төлөмдөрүнө 400.0 миң сом жалпы суммада акча каражат чыгаша сметада каралсын. Ай сайын мэрия кызматкерлеринин уюлдук байланышына 9670 сом бөлүнсүн.

4. Ай сайын бала бакчаларда бир балага 800 сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.

5. Жылына бир жолку коммуналдык кызмат төлөмдөр педагогикалык персоналга 10 000 сом, кенже тейлөөчү персоналга – 5000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

6. 2023-жылы бала бакчаларда бир балага күнүнө 28 сом, 1-4 класстардын окуучуларынын тамактануусуна 7 сом өлчөмүндө кошумча төлөм бекитилсин: Орловка №1 орто мектеби – 302 окуучу, Орловка №2 орто мектеби – 359 окуучу.

7. “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасына 20 000,0 миң сом өлчөмүндө субсидия бөлүнсүн

Бул субсидиялар Орловка шаарынын тургундарын суу менен камсыздоо үчүн жана суу өткөрүү системасына бөлүнөт.

8. 2024-2025-жылдарга киреше бөлүктүн болжолу 141161,4 миң сом жана 147398,2 миң сом менен бекитилсин, ошондой эле 2024-жылга чыгаша бөлүгү 136361,4 миң сом бюджеттик каражаттар, 4800,0 миң сом – атайын каражаттар, 2025-жылга 142598,2 миң сом бюджеттик каражаттар, 4800,0 миң сом атайын каражаттар. 2024-2025-жылдардын көрсөткүчтөрү жыл сайын бюджетти бекитүүдө тактала турганы белгиленсин.

9. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин атайын эсеби боюнча 3229,5 миң сом өлчөмүндөгү бош калдыгы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

- ТКЧ: жолдордун күнүмдүк оңдоосуна - 2064,6 миң сом.

- ТКЧ: көмүр сатып алуу (мончо) -467,9 миң сом.

- ТКЧ: көчө жарыктандыруу - 247,3 миң сом.

- ТКЧ: бассейнге ДСД - 448,0 миң сом.

- Жайыт комитети: башка чыгымдар- 1,7 миң сом.

10. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 3124,3 миң сом өлчөмүндөгү бош калдыгы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

- ТКЧ: Боом коктусуна ДСД -105,0 миң сом.

- ТКЧ: Веселая көчөсүнүн жолун оңдоо -500,0 миң сом.

- ТКЧ: Аялдамаларды орнотуу -405,6 миң сом..

- Бала бакчалар: азык-түлүк -350,0 миң сом.

-ОСШ: ОСШ № 1 спорт залын оңдоо-500,0 миң сом.

- ОСШ №1 жылытуу системасын оңдоо-1198,3 миң сом.

- Жайыт комитети -: эмгек акы -36,0 миң сом.

- Соц.фондго которуулар – 6,2 миң сом.

- Башка чыгымдар -23,2 миң сом.

11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Э.Асанбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов