Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-марты № 48/10-28
Жер тилке бөлүп берүү жөнүндө
Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, “Түндүкэлектро” ААКнун ““Орловка-2” подстанциясына 35кВ жабдууларды, 4000МВА трансформатор жана сырткары жайгашкан комплектелген бөлүштүрүүчү орнотмо-10кВ орнотуу үчүн курулуш иштерине жалпы долбоорлук аянты 1334,6 м2жер тилке бөлүп берүү жөнүндө” каты менен таанышып жана Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пункту, 4-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пункту, 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кемин районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын техникалык корутундусунун негизинде, “Орловка-2” подстанциясына 35кВ жабдууларды, 4000МВА трансформатор жана сырткары жайгашкан комплектелген бөлүштүрүүчү орнотмо-10кВ орнотуу үчүн курулуш иштерине жалпы долбоорлук аянты 1334,6 м2 жер тилкени “Түндүкэлектро” ААКна бөлүп берүү Орловка шаарынын мэриясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |