Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 29-сентябры № 118/24-28

Подгорное айылында насостук станция аркылуу сугат сууга

тарифти бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплекси жөнгө салуу департаментинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 79 «Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтер жөнүндө» буйругунун негизинде, ошондой эле Подгорное айылынын насостук станциясынын кароочу-оператору - А.Т.Абсалиевдин сунуштарын угуп, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Подгорное айылында сугат сууга тариф бекитилсин: абоненттер үчүн чарбалык үлүш жерлерин сугарууга 1 (бир) саатка 80 (сексен) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2.     Сугат мезгилинде Подгорное айылынын насостук станциясынын кароочу-оператору жана мурабы ай сайын калкка электр энергиясы үчүн төлөмдөр боюнча, Кемин районунун ирригациялык тармактар ​​башкармалыгына (ИТБ) төлөө жана сугат үчүн калктан түшкөн каражаттардын калдыгы жөнүндө отчет берсин.

3.     Орловка шаарынын мэриясы Подгорное айылына сугат суу үчүн кошумча насос орнотуу боюнча чараларды көрсүн.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри –

Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.И.Токтакунов