Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-марты № 46/10-28
Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер тилкени
кабыл алуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун Орловка шаарынын кире беришинин күн чыгыш тарабында жайгашкан жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пункту, 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде,Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын кире беришинин күн чыгыш тарабында жайгашкан аянты 1га номерсиз жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынсын.
2. “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Кемин филиалынан аталган жер тилкеге укук күбөлөндүрүүчү документтери алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |