Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-марты № 45/10-28
Жергиликтүү бюджеттин эркин калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасованын маалыматын жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, толуктоо жана өзгөртүү киргизүү менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 01-январына карата 8265,7 миң. сом эркин калдыгы төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
Турак-жай коммуналдык чарба:
- Орловка шаарына видеобайкоо камераларын орнотуу - 1500,0 миң сом;
- Металлург кичи районундагы үйдү бузуу - 2500,0 миң сом;
- жолдорду оңдоо - 3000,0 миң сом;
- Жаштар борборуна жабдуулар - 195,7 миң сом;
- ФАПка эмерек (бейтаптар үчүн) - 150,0 миң сом.
Бала-бакчалар:
- чатырчаларды орнотуу - 500,0 миңсом;
№2 Орловка орто мектеби:
- электрплита сатып алуу жана орнотуу - 120,0 миң сом.
№1 Орловка орто мектеби:
- эмерек сатып алуу - 300,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |