Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 119/24-28
Кирпич заводун курууга жана чопо чыгарууга
макулдук берүү жөнүндө
Орловка шаарынын тургундарынын чогулушунун протоколунун жана Металлург кичи району, Беркут көчөсүнүн жашоочуларынын сурамжылоосунун негизинде, Орловка шаарынын Фрунзе көчөсү № 104/8 дарегинде жашаган - М.Т.Шалыкбаеванын “Кирпич заводун курууга жана чопо чыгарууга макулдук берүү жөнүндө” арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Фрунзе көчөсү 104/8 дарегинде жашаган М.Т.Шалыкбаевага кирпич заводун курууга жана чопо чыгарууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |