Редакцияот 18.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаарынын кеңешинин IV чакырылышынын кезекcиз 40- сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты № 175

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаарынын кеңешинин IV чакырылышынын кезекcиз 40- сессиясы

 

2024-жылдын 18-марты № 183

 

Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 18-мартындагы 01-06-463 номери менен чыгышталган “Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрүнө планшет алып берүүгө акча  каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү” кайрылуусу

       

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 18-мартындагы 01-06-463 номери менен чыгышталган “Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрүнө планшет алып берүүгөакча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү” кайрылуусун, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана  экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз

     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаардын аймагында кылмыштуулуктун алдын алууга жана тургундар менен тыгыз байланышта болуу максатында аймактык тескөөчүлөргө планшет алып берүү үчүн акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

  1. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кадамдай шаардык кеңешинин төрагасы

А.А.Абдыразаков