Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 15-марты ПТ № 54
Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдөн сурдокотормо кызмат көрсөтүүлөрүн мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда улуттук режимден алып салууну белгилесин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |