Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-марты № 140
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Саламаттык сактоо жаатында илимий ишти өркүндөтүү максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |