КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2024-жылдын 29-февралындагы № 294
“Кызыл-Суу Курулуш” жана “Кызыл- Суу Жарык” муниципалдык ишканалары
оптималдаштыруу “Кызыл-Суу Тазалык”
муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө.
“Кызыл-Суу Курулуш” жана “Кызыл-Суу Жарык” муниципалдык ишканалары
оптималдаштырып “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына кошуу
жөнүндөгү депутаттык топтун сунуштарын ар тараптан карап чыгып, талкуулап
айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кызыл-Суу Курулуш” жана “Кызыл-Суу Жарык” муниципалдык
ишканалары оптималдаштырып “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык
ишканасына кошулсун.
2.Оптималдашуунун жүрүшүндөгү көйгөйлөрдү чечүү, макулдашуу боюнча
жумушчу топ №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3.Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин 2024-жылдын 11-январь айындагы №01-25/6 буйругунун 7 пунктунун талабына ылайык, бардык муниципалдык ишкана коррупциялык элементтерге жол бербөө, олтурбоо кызыкчылыктардын кагылышын жана калыс
атаандаштыкта иш караларын камсыз кылуу бир айлык мөөнөт менен иштеп
чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
4.Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрайымы Г.Чыныбаева
Тиркеме №1
Кызыл-Суу айыл аймагынын
айылдык кенешинин
“ 29 ” 02 2024-жылдын
№ 294 токтому менен бекитилди.
“Кызыл-Суу Курулуш” жана “Кызыл-Суу Жарык” муниципалдык ишканаларды оптималдашуунун жүрүшүндөгү көйгөйлөрдү чечүү, макулдашуу боюнча жумушчу топтун курамы
· Сатиев Шарып Мыктыбекович-айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.
· Бектурова Жыпаркүл Кутмүдүновна- айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын катчысы.
· Шекембаева Шайыр Жакшылыковна- айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
· Суламбеков Турганбай Шаршеевич- айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
· Кененбаев Рысбек Бекташович-“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык
ишканасынын жетекчиси.
· Давлетбаков Касым Урмамбетович-“Кызыл-Суу Курулуш”
муниципалдык ишканасынын жетекчиси.
· Эсенгелдиев ТөлөбайСаякович-“Кызыл-Суу Жарык” муниципалдык
ишканасынын жетекчиси.
Айылдык кенешинин
жоопту катчысы А.Ташбаева