Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл   депутаттарынын  Кызыл-Суу айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 29-сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралындагы № 295

Кызыл-Суу  айылындагы  Конкин көчөсүндө 

жайгашкан  Советтер Союузунун баатыры  Григорий  Ефимович Конкиндин айкелин  Жеңиш эс  алуу  жайына которуу  жөнүндө.

 

        Кызыл- Суу  айылындагы  Конкин көчөсүндө жайгашкан  Советтер  Союузунун  баатыры Григорий  Ефимович

Конкиндин  айкелин  Жеңиш  эс  алуу жайына  которуу жөнүндөгү  айылдык кеңешинин  төрайымы  Г.Чыныбаеванын сунушун карап  чыгып, талкуулап айылдык

кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ: 

 

      1. Айылдык  кеңешинин төрайымы  Г.Чыныбаеванын сунушу  эске  алынсын. 

    

  2. Советтер  Союзунун баатыры  Григорий  Ефимович Конкиндин  айкелин 

Жеңиш  эс  алуу  жайына  көчүрүлсүн.

 

      3.Конкиндин  айкелин жайгашкан  аймакка  айыл тургундарына  жана  келген  конокторго  шарт  түзүү максатында  “Кербен”  аллеясы уюштурулсун.

      4. Уштурулган   “Кербен”  аллеясына  сарпталуучу  акча каражатын 

жергиликтүү бюджеттен караштыруу жагы Кызыл-Суу айыл  өкмөтүнүн 

финансы жана  экономика  бөлүмүнүн  башчысы  К.Казыбековго  тапшырылсын.

       5. Токтомду аткаруу  жана  көзөмөлдөө айыл  өкмөтүнүн  башчысы 

 Р.Эшмамбетовго  милдеттендирилсин.

 Айылдык кенешинин  төрайымы                                                       Г.Чыныбаева