Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл   депутаттарынын  Кызыл-Суу айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 29-сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралындагы № 297

 

Кызыл- Суу  айыл  өкмөтүнүн муниципалдык  менчигине 

Кызыл-Суу айылындагы  Комсомольский  көчөсүнүн 

№79  дарегинде  жайгашкан №36 өрткө каршы 

бөлүгүнүн эски,  авариялык  абалда турган 

 имаратын  бузуу жөнүндө.

 

         Кызыл-Суу айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине  Кызыл-Суу  айылындагы Комсомольский  көчөсүнүн  №79 дарегинде  жайгашкан №36 өрткө каршы  бөлүгүнүн  эски, авариялык абалда турган имаратын бузуу 

жөнүндөгү Кызыл-Суу  Тазалык  муниципалдык ишканасынын жетекчиси  Р.Кененбаевдин  кайрылуусун  карап  чыгып, талкуулап  айылдык  кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

     1.Кызыл-Суу  Тазалык муниципалдык  ишканасынын  жетекчиси 

Р.Кененбаевдин  кайрылуусу  эске алынсын.

 

     2.Кызыл-Суу айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине  Кызыл-Суу  айылындагы Комсомольский  көчөсүнүн  №79 дарегинде  жайгашкан №36 өрткө каршы  бөлүгүнүн  эски, авариялык  абалда  турган имаратын  мыйзамдын  талаптарына ылайык бузууга  уруксаат  берилсин.

 

     3.Бузулган  материалдырды финансалык  талаптарга  ылайык комиссия  түзүп,  материалдырды кириштөө  мыйзам  чегинде жүргүзүлсүн.

 

     4. №36 өрткө каршы  бөлүгүнүн  эски,  авариялык абалда турган имаратын 

бузууга  сарпталуучу  акча  каражатын  жергиликтүү  бюджеттен 

караштыруу жагы  Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн  финансы  жана экономика 

бөлүмүнүн  башчысы К.Казыбековго  тапшырылсын

     5. Токтомду  аткаруу  жана  көзөмөлдөө  айыл  өкмөтүнүн башчысы 

Р.Эшмамбетовго  милдеттендирилсин.

 

Айылдык кенешинин  төрайымы                                                       Г.Чыныбаева