КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29-февралындагы № 02
“Кызыл-Суу айылдык аймагынын жергилктүү кеңешин”
мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана щаарларынын
деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралы ПЖ №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону жетекчилике алып жергиликтүү кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Суу айыл аймагынын жергилктүү кенеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Пезидентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 жарлыгы “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобонун негизинде эки жергиликтүү кенеши (Кызыл-Суу, Саруу Алдашев) бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кенеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Жергилилктүү кенештин уюштуруу-укуктук формасы-мекеме.
3. Жергиликтүү кенештин толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси;
-Расмий тилде: Учреждение “Местный кенеш айылного аймака Кызыл-Суу”;
Жергиликтүү кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” м-и;
-Расмий тилде: У-е “Местный кенеш айылного аймака Кызыл-Суу ”;
2.1. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Кѳл облусу, Жети-Ѳгүз району, Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү, үй № 194 болуп аныкталсын.
3.Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин Жобосу жаны редакцияда бекитилсин.
4.Кызыл-Суу жана Саруу Алдашев жергиликтүү кенешинин өткөрүп берүү
актылары бекитилсин.
5. “Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кенеши» мекемесин Ысык-Көл областтык юстиция мамлекеттик башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жергиликтүү кенешинин жоопту катчысы А.Ташбаевага милдеттендирилсин.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимди андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын
ошондой эле мамлекеттик катоо үчүн тапшырылган докуметтерди
маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
Төрайым: Г.Чыныбаева