БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2024-жыл 19-январы №20/5
Муниципалдык жер аянтынан, социалдык объек курууга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө.
Барпы айыл өкмөтүнүн Түрк-Абад айылынын жашоочуларынын арызы жана Барпы айыл өкмөтүнүн 03.11.2023-жыл №01-20/1869 санду каты менен Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13,25,27,31-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамын жетекчилике алып төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Түрк-Абад айылындагы эски талаа станын (эски шыйпаӊ) муниципалдык жер аянтынан, социалдык объект катары, спорт аянтчасын курууга жер тилкеси ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Уруксат берилген жер аянтына жана курулуш иштерине керектелүүчү иш кагаздарын даярдоону, Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Назаровго миледттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | У.А. Абдыкулов |