Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы
2024-жылдын 09-февралындагы № 64
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2024-жылга жергеликтүү бюджеттин ошондой эле 2024-2025-жылдарга бюджеттинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Жети-Өгуз айыл аймгынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Омуралиеванын маалыматын жана Жети-Өгуз айылдык кенешинин финансы-экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Дуйшекеева Н.2023-жылдын бюджетинин аткарылышын жана 2024-жылга жергиликтүү бюджетин ошондой эле 2025-2026-жылдарынын долбоорун угуп талкуулап, айылдык Кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1.Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергилүктүү
бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 64037,6 (алтымыш төрт миллион отуз жети миң алты жүз) сом чыгыша бөлүгүнүн аткарылышы 64037,6( алтымыш төрт миллион
отуз жети миң алты жүз) сом менен бекитилсин.
2. 2024-жылга айыл өкмөтү боюнча жүгүртүлүчүү накталай акча каражаты
500,0(беш жуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жергилүктүү бюджеттен 2024 жылы түшүчүү киреше бөлүгү атайын каражаттарын кошкондо №1 тиркемеге ылайык 68725,7 (алтымыш сегиз миллион жети жүз жыйырма беш миң жети жүз) сом менен жана чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык 68725,7(алтымыш
сегиз миллион жети жүз жыйырма беш миң жети жүз) сом менен бекитилсин.
4. 2024 жылга айыл аймактын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети киреше салыгы боюнча нормативдик чегерүүлөр айыл аймактарына калтырылгандыктан менчиктин баардык түрлөрүндөгү ишканалардан,уюмдардын пайдасынан,атуулардын кирешелеринен,юридикалык тараптардан алыну үчүн жер салыктардан,жерди кайра бөлүштүрүү фондусунан алуунучу ижара акыдан,юстиция органдары тарабынан алынучуу мамлекеттик пошлинадан жергилүктүү бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү, ата-энелерден түшүчү акы №3 тиркемеге 68725,7 (алтымыш сегиз миллион жети жүз жыйырма беш миң жети жүз) сом менен бекитилсин.
5. Жергилүктүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмү12814,6 (ок эки миллион сегиз жүз он төрт миң алты жүз) сом менен №4 тиркемеге ылайык
бекитилсин.
6.Жергилүктүү бюджетке 2024-жылы жайыт акысынан келип түшүүчү кирешелер
жана чыгымдар 196,1 (бир жүз токсон алты миң бир жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана акча каражатынын жетишбегендигине байлануштуу 100 пайыз жайыт комититине түшсүн.
7.2023 жылда төлөнбөй калган карыздарды 2024-жылдын бюджетине каралган
чыгымдардын чегинде төлөө жүргүзүлүсүн.
8.2024-жылдын ичинде, түзүлгөн кырдалга жараша статьядан статьяга,кварталдан кварталга жылдыруу жагы айылдык кенешинин туруктуу бюджеттик комисияссынын
макулдашуусу менен жылдырылсын.
9.Жети-Өгуз айыл өкмөтүнө мектептер жана бала бакча боюнча эсеп кысап жүргүзүү үчүн айлык маянасы 15,0 миң сом өлчөмүндө 1 штат бирдиги жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер өткөрүү үчүн айлык маянасы 18,0 миң сом өлчөмүндө 1 штат бирдиги
айыл өкмөтүнөн, келишимдин негизинде эмгек акы төлөп берүү жагы жергилүктүү бюджетке киргизилсин.
10.КР Өкмөтүнө караштуу ЖОБММнын 2016 жылдын 12.10.№01-24/166 буйругунун негизинде айылдык кененшинин төрагасына бир жолку жөлөк пул 6,5 миң сом,соц.фондко 1,1 миң сом төлөсүн.
11.Спорт коплексе 70811 бөлөмүнө 1 штат бирдиги 14,8 сом айлык менен бекитилсин
жана 22211100 беренесинен жаштар арасында спорттук мелдештерге барып катышуусуна 500,0 миң сом, капиталдык ремонт жүргүзүү үчүн 500,0 миң сом, кезектеги ремонтко70,0 миң сом, спорт буюмдарын алуу үчүн 277,5 миң сом бөлүнсүн.
12.Жети-Өгуз айылындагы Данаке Иманов мектебинде коррекциялык классында окуп
жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Кабак,Чырак,Желе-Добо,Жети-Өгуз,Ак-Кочкор айылдарынан ташып алып келип.кайра алып барган микроавтобустун айдоочусуна
1 штат бирдиги келишимдин негизинде эмгек акы айына 7040сом өлчөмүндө төлөп берүүсү күйүүчү майына 107,1 миң сом, унаа тетиктерине 50,0 (элүү миң) сом жергилүктүү
бюджетке киргизилсин.Мектептеги ыссык тамагына ар бир окуучу балага 4 сомдон
чектелип бекитилсин
13.К.Кушбеков мектебинин мешин оңдотууга жана капиталдык ремонтуна 2000,0млн.сом Талып-Акун мектебинин тегерегин темир каша курчоосуна 3000,0 млн.сом бөлүнсүн.
14.Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу 651,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.Жашоо шарты абдан начар үй-бүлөлөөрду көмур менен камсыз кылуу үчүн 396,0 миң сом бөлүнсүн.
15. Таштандыларды чыгарууга ар бир түтүндөн 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бардыгы 45,0 (кырк беш миң) сом бекитилсин.
16.Бала бакчанын балдардын тамак ашына 595,4миң сом бекитилсин,полун алмаштуруу үчүн 350,0 миң сом,тарбиячыларга тышкы ажаткана салуу үчүн 300,0миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
17.Бала бакчага атайын эсепке ата-энелерден түшүчүү акча каражаты 200 бала менен 1575,0миң сом (Бир миллион беш жүз жетимиш беш миң)сом өлчөмүндө бекитилсин.
17.Ата энелерден чогултуучу салымы 1000сом менен бекитилсин анын ичинен:
жакырүй бүлөлөрдөгү 8 бала 500 сом менен калган 500 сомдон айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнсүн.
18.Жыл ичинде айыл өкмөтү боюнча иш чараларды өткөрүү үчүн жана башка муктаждыктарына 70823 бөлумунө 3232,2 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
19.Жакыр үй бүлө,жалгыз бой,кары адамдарга жана башка элдин муктаждыгын чечип
берүү үчүн,пробацияга 71093 бөлүнүгө 300,0 миң сом бөлүнсүн.
20.Өзгөчө кырдаалга 70629 бөлүнгөн 22141100 беренесинен күйүүчү майга 183,4 миң сом 21154900 беренесинен 50,0 миң сом, атайын киймдер,чарбалык жана башка керектөөлүүчу буюмдары алууга 215,9 миң сом бардыгы 449,3 миң сом,контейнер алууга 120,0миң сом, милиция кызматкелерине 2 даана боди камера (төш видеорегистратор) коплектиси менен камсыз кылуусуна 378,5 миң сом жолбун иттерди атууга 40,0 сом өлчөмүндө бектилсин.
21.Жолдорго кум,шагыл төгүп түздөө үчүн 1000,0 млн.сом, Жети-Өгуз айылынын Мамырбаев көчөсүндөгу көпүрөсүн капиталдык ремонттон откорүү үчүн 2500,0 сом,
Ак-Кочкор айылына кетүүчу жолдун жээгине тротуар салуу үчүн өздүк салымы катары 4000,0 млн.сом,жаны конуштарга электр чубалгыларды орнотуу учүн 7011,0 миң сом, Беккаря
чункурун салуу үчүн 1000,0млн.сом,АПЫ,Көл-Кечүү насостук станцияларынын ондоо иштерине жабдууларды алуу үчүн 190,0 миң сом,таштандыларды тогүүчү жайды курчоо үчүн
1000,0 млн.сом,малга навес салуу үчүн курулуш материялдарга 1000,0 млн сом (Сырт өрөөну)
акча каражаты бөлүнсүн.
22.Жети-Өгүз айылындагы элди тейлөө борборунун бүтүрүү курулуш иштерине 4222,1 млн.сом,Желе-Дөбө айылындагы спорт залдын курулушун улантуусуна 4000,0 млн сом акча каражаты каралсын.
23.Жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга кирешелерден түшүүчү божомолу 69788,9
(алтымыш тогуз миллион жети жүз сексен сегиз миң тогуз жүз) сом,2026-жылга 70845,7
(жетимиш миллион сегиз жүз кырк беш миң жети жуз) сом №5 тиркеме менен бекитилсин.
24.Лизингке алынган комбайындардын төлөмдөрү үчүн 4572,0миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
25.Каралган жергиликтүү бюджетин макулдашуу жагы райондук финансы
башкармалыгынан суралсын.
26.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрайымы Н.Дүйшокеевага жүктөлсүн.
27.Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Т.Н.Иманбаевге милдеттендирилсин.
28.Токтом 202-жылдын –январынан баштап күчүнө кирет.
Төрагасы: Ургаипов.Б.А
Тиркеме:1,2,3,4