Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы

2024-жылдын 13-февралындагы № 67

 

Ак-Кочкор айлынын тургуну Осоев Темирбектин кайрылуусунун негизинде уулуна жардам катары акча каражатын бөлүү жөнүндө.

 

Ак-Кочкор айылынын тургуну Осоев Темирбектин 2008-жылы төрөлгөн уулу Темирбеков Ислам, греко-рим күрөшү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештерде жеңип,чемпион наамына ээ болгон.Азыркы учурда бутунун тизе сөөгү ооруп,амбулатордук даарыланууга муктаж болуп кайрылган.Ислам жакын арада Беларусияда өтүүчү чемпионтка жолдомо алган.Бул үй бүлөө аз камсыз ,көп балалуу болгондуктан жардам катары акча каражатын бөлүү жөнүндө  Жети-Өгүз айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынынXXV –кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1.Ак-Кочкор айылынын тургуну Осоев Темирбектин кайрылуусунун негизинде уулу Темирбеков Исламга даарылануусуна 10000 (он миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

2. Ак-Кочкор айылынын тургуну Осоев Темирбектин кайрылуусунун негизинде 10000 (он миң )сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берүү жагы

айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевге сунушталсын.

 

 

3. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин бюджет комитетинин төрайымы Н.Дуйшкеевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                 Ургаипов Б