Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-апрели № 157
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгын, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги мыйзамдарда белгиленген тартипте ага Банктарды жоюу боюнча агенттикти кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Банктарды жоюу боюнча агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы № 567 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) өзгөртүп түзүлүүчү мекемелерди өткөрүп берүү актысын бекитсин;
2) Банктарды жоюу боюнча агенттиктин балансында турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине өткөрүп берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |