САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) 2023-жылдын кезектеги 1 сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 11
Савай айылынын тургундары үчүн сөөк коюуга бөлүнүп берилген жерди ажыратып берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү жалпы жоболорунун 31, 33-беренесине ылайык Савай айылдык кеңешине келген билдирүүнү айылдык кеңештин VII-чакырылышынын депутаттары 2023-жылдын кезектеги 1-сессиясында карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айылынын тургундары үчүн сөөк коюуга бөлүнүп берилген 2 га жер аянты көрүстөнгө мыйзамга ылайык ажыратылып берилсин.
2. Аталган жерди тийиштүү компетентүү органдар менен макулдашып ишке ашыруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Абдумалик уулу |