Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы
2024-жылдын 14-февралындагы № 72
Жети-Өгүз айыл аймагынын Жети-Өгүз айылына бала-бакча куруу үчүн жердин категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участокторун которуу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу №169 токтомуна ылайык ,Жети-Өгүз айыл аймагынын Жети-Өгүз айылына бала-бакча куруу үчүн Жети-Өгүз айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынынXXV –кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Жети-Өгүз айыл аймагынын жерди пайдалануу картасынын № 1074-контурларындагы жалпы 1,0 га жер тилкесине азыркы заманбап бала-бакчасын куруу үчүн жердин категориясын которуу (трансформациялоо)го макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жер тилкесин берүүдө тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Ургаипов Б