Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-марты № 139
Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Байланыш жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) бул токтомдун жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон укуктук мамилелерге жайылтылат;
2) маалыматтарды берүү операторунун маалымат базасында камтылган маалыматтарды берүү абоненттери жөнүндө маалыматтар, маалыматтарды берүү оператору менен маалыматтарды берүү абоненттеринин ортосунда түзүлгөн акы төлөнүүчү келишимдер бул токтом күчүнө кирген күнгө чейин өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат жана анын жоболоруна шайкеш келтирүүнү талап кылбайт.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 24 (3577) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-марты № 139
Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
Байланыш жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) бул токтомдун жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон укуктук мамилелерге жайылтылат;
2) маалыматтарды берүү операторунун маалымат базасында камтылган маалыматтарды берүү абоненттери жөнүндө маалыматтар, маалыматтарды берүү оператору менен маалыматтарды берүү абоненттеринин ортосунда түзүлгөн акы төлөнүүчү келишимдер бул токтом күчүнө кирген күнгө чейин өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат жана анын жоболоруна шайкеш келтирүүнү талап кылбайт;
3) Маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелеринде көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү операторлору жыл сайын 2028-жылга чейин жогоруда аталган Эрежелердин 8-пунктунда каралган талаптарга ылайык маалыматтарды сактоо көлөмүн көбөйтүүгө милдеттүү.