Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАЛТИНСКОГО ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 16-марты № 05

 

Кара-Балта шаарын 2023-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө, Кара-Балта шаарын 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, Кара-Балта шаарын 2023-жылга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” негизги жобого, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине  ылайык, жана ошондой эле “Кара-Балта шаарын 2023-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө, Кара-Балта шаарын 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, Кара-Балта шаарын 2023-жылга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жөнүндө” маалыматты карап чыгып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Бекитилсин:

§     2023-2026-жылдарга карата Кара-Балта шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүүрүүнүн программасы;

§     Кара-Балта шаарын 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;

§     Кара-Балта шаарын 2023-жылга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу.

2.              Бул токтом нормативдик Ченемдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестиринен каттоодон өткөрүү жана киргизүү үчүн Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара – Балта шаарынын мэри М.Р. Джекшеновго жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, МС жана ММБ, “Универсал” МИ, КР Юстиция Министрлигине.

 

 

Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев

 

Кара-Балта шаарынын мэриясы

 

 

 

«Келечектин жашыл, сарамжалдуу шаары»

 2023-2026-жж

Кара-Балта шаарынын

СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Балта 2023

 

МАЗМУНУ

 

КЫСКАРТЫЛГАНДАРДЫН ТИЗМЕСИ

КИРИШҮҮ

АЗЫРКЫ АБАЛДЫ ТАЛДОО

SWOT - талдоо.

 

СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТ

АРТЫКЧЫЛЫКТАР

1-артыкчылык: Социалдык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү.

2-артыкчылык: Бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

3-артыкчылык: Климаттын өзгөрүшүнө көнүү, таза суу менен камсыз кылуу, коммуналдык чарбалык кызматтарды жакшыртуу жана мэрияда, анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана муниципалдык ишканаларда санариптештирүүнү өнүктүрүү.

4-артыкчылык: Шаарды башкаруунун заманбап системасын калыптандыруу.

ЖАКШЫ ШАРТТАР ЖАНА ТОБОКЕЛДИКТЕР

МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО

ПРОГРАММАНЫ ИШ-ЖҮЗҮНӨ АШЫРУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРДЫН МЕРЧЕМИ

МОНИТОРИНГДИН ИНДИКАТОРЛОРУНУН МАТРИЦАЗЫ ЖАНА ИШ-ЖҮЗҮНӨ АШЫРЫЛЫШЫН БААЛОО