ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жыл 25-марты №16
“Токтогул шаардык мэриясы” мекемесин кайра түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө”токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы, токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айыл Өкмөтүнүн Токтогул шаардык мэриясына өткөрүлүп берилгенине байланыштуу “Токтогул шаардык мэриясы” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Токтогул шаардык мэриясы” мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение “Мэрия города Токтогул”.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Токтогул ШМ” м-и .
- Расмий тилде: У-е “МГ Токтогул”.
2. “Токтогул шаардык мэриясы” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме
тиркелет)
3. “Токтогул шаардык мэриясы” мекемесинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. “Токтогул шаардык мэриясы” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул шаары, Черноткач көчөсү №05 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат
6. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
.
Төрага: |
М.Т. Борбугулов |
|
БЕКИТЕМ Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким _________________А.А.Тюкебаев
“25”март 2024-жыл |
Өткөрүп берүү актысы
«25» 03 2024-ж. Токтогул шаары
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 29-январындагы №37 буйругу менен түзүлүп бекитилген төмөндөгү комиссия курамы:
Н. Кожобергенов - комиссиянын төрагасы,
А.Таштанов - комиссиянын катчысы,
Б. Болгонбеков - комиссиянын мүчөсү,
К. Жуманазаров – комиссиянын мүчөсү,
А. Орозбаев – комиссиянын мүчөсү,
Б. Усенканов – комиссиянын мүчөсү,
К. Кудакеев – комиссиянын мүчөсү
төмөндөгүдөй Өткөрүп берүү актысын түздүк.
«Жаӊы-Жол» айыл өкмөтү мекемеси «Токтогул шаарынын» мекемесинин курамына өткөрүп берүү жолу менен «Токтогул шаары» болуп кайра түзүлүп мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып, Мекемелердин бардык укутары жана милдеттери укук улантуучуга өтөт деп эсептелинсин, атап айтканда:
Мекеме төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчүгө өткөрүп берет:
1.1. Мекеменин уюштуруу документтерин.
1.2. Мекеменин балансындагы мүлккө болгон укуктарын ырастоочу документтер.
1.3. Мекеменин ички документт
ери жана отчетторун.
1.4. Бухгалтердик документтерин жана отчетторун (бухгалтердик баланстар, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган финансылык отчетко тиркемелер, финансылык отчеттун аныктыгын ырастаган аудитордук отчеттор, түшүндүрмө каттар).
1.5. Архивге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилген мекеменин иш кагаздарынын инвентаризациясы.
1.6. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен мекемелик документтерди жок кылууга берүү жөнүндө актылар.
Ушул Өткөрүп берүү актысына ылайык, Мекеменин бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.
Мекемелер өткөрүп берет, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.
Бул Өткөрүп берүү актысына Мекемеден көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлөт.
Тиркеме: _______ баракта.
________________________________Н. Кожобергенов - комиссиянын төрагасы,
________________________________А.Таштанов - комиссиянын катчысы,
________________________________Б. Болгонбеков - комиссиянын мүчөсү,
________________________________К. Жуманазаров – комиссиянын мүчөсү,
________________________________А. Орозбаев – комиссиянын мүчөсү,
________________________________Б. Усенканов – комиссиянын мүчөсү,
________________________________К. Кудакеев – комиссиянын мүчөсү
Өткөрүп берди «Жаӊы-Жол» айыл өкмөтү мекемесинин башчысы К. Дербишев _____________________
| Өткөрүп берди «Токтогул шаары» мекемесинин мэрдин орун басары Т. Дарманова ____________________
| Өткөрүп алды «Токтогул шаары» мекемесинин мэри Б. Максутбаев ____________________
|