Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XI сессиясынын жыйынынын
2023-жылдын 21-февралы № 11/4
Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Сооронбеков Касымбектин атындагы жер тилкесин Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Сооронбеков Касымбектин атындагы жер тилкесин Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Сооронбеков Касымбекке тиешелүү болгон 0,05 га жер тилкеси Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
2. Документ иштерин бүтүрүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусовго жүктөлсүн.
3. Баланска алуу жана документ иштерине көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кадамбаева |