ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2024-жыл 25-марты №17
“Токтогул шаардык мэриясына кошумча штаттык бирдиктерди алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" ПЖ №370 Жарлыгынын, 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанин алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” ПЖ №24 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомунун негизинде Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 23.03.2024-жылдагы № 01-17/296 сунушун сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы, токтом кылат:
1.Жогорудагы ченемдик-укуктук актыларга ылайык мэриянын штаттык бирдиктеринин жалпы санынан тышкары, контракттык негизде 5 (беш) кызматкер алууга макулдук берилсин.
2.Айлык маяналарын тиешелүү мыйзамдарда каралган тартипте эсептеп, сунуштоо жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4.Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6.Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: |
М.Т. Борбугулов |