Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XI сессиясынын жыйынынын
2023-жылдын 21-февралы № 11/6
Ылай-Талаа айыл аймагындагы КБФнун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн алардын баштапкы ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34 – “Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин компетенциялары” жөнүндөгү беренесине жана айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайыкЫлай-Талаа айыл аймагындагы КБФнун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн алардын ижара акысынын баштапкы баасын бекитип берүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы КБФнун жерлеринин келишимдеги мөөнөттөрү аягына чыккан жер аянттарына аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн 1 га жер аянтына ижара акысынын баштапкы баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- бак жана сугат айдоо аянттарына – 1500 сом;
- кайрак айдоо жана чөп орунду аянттарына – 1000 сом.
2. Жогорудагы белгиленген жер аянттарына аукцион өткөрүүдө бак аянтынты, сугат жана кайрак айдоо аянттары үчүн 1 лоттун өлчөмү 0,5 га, чөп орунду аянттары үчүн 1 лоттун өлчөмү 1,0 га, ал эми аукционго катышуучулардын баштапкы бааны көтөрүүдөгү эң төмөнкү кадамы 200 сом болуп бекитилсин.
3. Ылай-Талаа айыл аймагындагы КБФнун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүнү иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык ишке ашыруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Төрага | А.Кадамбаева |