Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XI сессиясынын жыйынынын
2023-жылдын 27-январы № 10/6
Ылай-Талаа айыл аймагында Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 11 –пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндөгү” Жарлыгын айыл аймагында турмушка ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн түзгөн иш планы тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл аймагында Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген иш пландын негизинде иш алып баруу жана иш планда белгиленген жумуштардын аткарылышын камсыз кылуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Жаңыбаев) тапшырылсын.
Төрага | А.Кадамбаева |
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин
27.01.2023-жылдагы
№ 10/6 токтомуна тиркеме
Ылай-Талаа айыл аймагында Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн иш планы
№ | Иш-чаралардын аталышы жана өтүүчү жайлар | Жооптуу мекемелер | Белгиленген күнү |
1 | Т.Абакиров атындагы сейил багынын ички жана сырткы бөлүктөрү | А.Осмонов, Ө.Абдылдаев, Т.Назаров билим берүү мекемелери, контора аппараты | 22-23- апрель 16-17-сентябрь |
2 | Айыл аймагындагы калктуу конуштан сырткаркы жолдун бойлору | М.Баатыров, Сай б/бакчасы, Канзада апа б/бакчасы, Ж.Жолдошов б/бакчасы,”Балазат” б/бакчасы,№7 ҮДТ | 22-23- апрель 16-17-сентябрь |
3 | Тар дарыясынын жээктерин жана Шаркыратма айылын тазалоо | Ж.Ибраимов, Ж.Айтбаев билим берүү мекемелери,Шаркыратма б/бакчасы | 22-23-апрель 16-17-сентябрь |
4 | Мусор төгүлүүчү полигонду иретке келтирүү | Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери | 22-23- апрель 16-17-сентябрь |
5 | Мекемелердин имараттарынын тегерегин жана короолорун тазалоо | Бардык мекемелер | апрель, сентябрь |
6 | Калктуу конуштар жашаган айылдын көчөлөрүн тазалоо, бак дарактарды иретке келтирүү | Айыл тургундары | 22-23- апрель 16-17-сентябрь |
7 | Катуу тиричилик калдыктарын көмүү | “Тазалык” муниципалдык ишканасы | дайыма |
8 | Айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана тиричилик калдыктарын, анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл буруу менен кеңири масштабдуу пропагандалык ишти уюштуруу | Тиешелүү аппарат кызматкерлери, “Тазалык” муниципалдык ишканасы | дайыма |
9 | Калкты тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен толук камтууну камсыз кылууга, бааны белгилөө
| “Тазалык” муниципалдык ишканасы | февраль айы |
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин катчысы: С.Осмоналиев