Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-декабры № 25/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын IV кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыгымдалуучу акча каражаттарынын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
токтом кылат:
1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022- жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген планына төмөндөгү үнөмдөлгөн бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | IV-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
706 | ЖКХ | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 22154900 |
| 80,0 |
707 | ФАП | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 22154900 | 80,0 |
|
Бардыгы: | 80,0 | 80,0 | |||
2. Жогорудагы акча каражатын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана ФЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |