Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-декабры № 26/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын IV кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыгымдалуучу акча каражаттарынын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
токтом кылат:
I. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылга бекитилген сметасындагы салыктын түрүнүн планына өзгөртүү каралсын жана IV кварталдын планына киргизилсин.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | IV-кварталга | |
көбөйтүү | Азайтуу | ||||
|
| Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 11111100 | 200,0 |
|
|
| Ыктыярдуу патенттик негизинде салык | 11122200 |
| 40,0 |
|
| Патенттин негизинде салык | 11122300 | 40,0 |
|
|
| Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321200 |
| 112,1 |
|
| Бардыгы: |
| 240,0 | 152,1 |
II.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга бекитилген сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | IV -кварталга | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
706 | ЖКХ | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 22154900 |
| 74,0 |
706 | ЖКХ | Башка механизимдерди жана жабдууларды капиталдык оңдоо | 31122390 | 161,9 |
|
Бардыгы: | 161,9 | 74,0 | |||
III.Жогорудагы акча каражатын IV-кварталдын планына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
IV. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана ФЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
V. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |