Редакцияот 12.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2024-жыл 12-марты №13

 

“Токтогул шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”

       

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" ПЖ №370, 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” ПЖ №24 Жарлыктарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин курамына Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаттары кошулганына байланыштуу Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан типтүү Регламентти кайрадан карап, бекитүү зарылчылыгы келип чыкты.

Жыйынтыгында, Токтогул шаардык кеңешинин Регламенти боюнча депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы, токтом кылат:

 

1.Токтогул шаардык кеңешинин Регламенти сунуш-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Токтогул шаардык кеңешинин ишин жүргүзүүдө Регламентте белгиленген эрежелерди сактоо, аткаруу жагы ар бир депутатка милдеттендирилсин.

 

3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

4. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

5 Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

6..Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

7. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 2023-жылдын 06-апрелиндеги кезексиз XII сессиясынын № 13 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

 

Төрага:

 

М.Т. Борбугулов