Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVI- сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 26/3
“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү» Жарлыгынын 5-пунктуна ылайык жана Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү» Жарлыгынын 5-пунктуна ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 04-октябрындагы №195 буйругунун иш-аракеттер планы бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет)
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 04-октябрындагы №195 буйругунун иш-аракеттер планынын аткарылышын камсыз кылуу, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |
Жаңы-Алай айыл өкмөттүн аймыгында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери
1.Жалпы жоболор
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери ( мындан ары- Эрежелер ) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “ Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “ Жеригилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынына, “ Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана- чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыксын.
2.Эрежелер көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан баардык мекеме ишканалар жана айыл өкмөттүн аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3.Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн жер адис жоопкерчиликтүү болот.
4.Айыл өкмөттүн өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аныктайт.
2.Негизги түшүнүктөр жана терминдер
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент – тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак:
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү- калктуу конуштун айланысында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
КТТК чыгаруу- атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү:
Газон- жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак- юридикалык же жеке жактардын менчигинде , ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка обьекттер жайгашкан аймак;
Жашылдандырылган аймак- жасалма түрүндө жана табийгыйөсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
Ири көлөмдүү таштандылар- керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу уналаар менен машууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары ( тиричилик техникасы,эмерек ж.б. )
Контейнер аянтчасы- өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды- ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар- чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшундө пайда болгон катуу турмуш тиричилик калдыктары, көлөмдү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге ( уруксатсыз) таштоо ( жерге салуу) же сактоо.
Парк- эс алууга жана көңүл ачуучу оюн- зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдаланууга жашылдандырылган аймак;
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү ( Кызмат көрсөтүүчү)- катуу турмуш тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түгөн юридикалык же жеке жак.
Курчап турган айланадагы аймак- юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын,чарбалык курулутун жана башка обьекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;
Коомдук келишим- ( ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;
Коомдук сунуш/оферта- ( ушул Эрежелер үчүн) кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;
Аймакты санитардык жактан тазалоо - аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды , калдыктарды чогултуу;
Көчөдөгү таштандылар-жолдордо, тратуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү ( көчө таштандылары) алар грунт, кум-таш, топурак, табийгый өсүүчү бак дарактардын материалдары ( жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпөрөк, металл жана башка материалдардан турат.
Катуу турмуш - тиричилик калдыктары ( мындан ары - КТТК) – адамдар күнүмдүк турмуш тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы колдонулуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.
3.Катуу турмуш-тиричилик калдыктары чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
6. Жеке турак жайларда үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
7. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт.Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
9. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден катуу турмуш- тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
10. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
11. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
12. Айыл ичиндеги көчөлөргө таштанды челектерин орнотуу зарыл экен.
13. Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот.
14. Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
4. Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу
15. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында – карды, музду тазалоону, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
16. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
17. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери аларга бекитилген аймактардын чегинде , чарбалык жана турак жай участокторун, үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
- узундугу боюнча- имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;
18. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар ( ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты баардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
19. Көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода обьектилерине жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода обьектилеринин ээлерине жүктөйт.
20. Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.
1. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
21. Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттүн бүткүл аймагын, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоо, көрктөндүрүү элементтеринин ( жолдор, тротуарлар, газон, сырткы жарыктандыруу ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк обьектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
22. Айыл өкмөттүн аймагындагы курулуш таштандыларын ,кыйылган бак- дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
23. Таштанды челектерин, көчө чырактарын, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
24. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тиркелерине таштандыларды, жалбырактарды,автоуналардын дөңгөлөктөрүн, от жагууга таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
2. Жашылдандыруу
25. Обьектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
- бак-дарактарды отургузуу.
- бак-дарактарды жана бадардарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер- жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо, жер семирткичтерди,таштандыларды жүктөө жана түшүрүү: куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
- скверлерди жана бакчаларды тосуу;
- айыл ичиндеги жерлерди жашылдандырууга жана башка дагы жумуштарды аткаруу;
30. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- сейил бактарда, көчөлөрдө – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган тиешелүү кызматтарды/ иштерди аткаручууга;
- үйлөр жайгашкан тарак жай ээлерине,имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
31. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
32. Жашлдандыруу обьектилеринедеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен саат 8:00-9:00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18:00-19:00дөн кийин жүргүзүлөт.
33. Кызматттарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.
34. Таажыны санитардык кыркуу иштерине- эскирген илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды,ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салып сыяктуу иштерди аткаруу камтылат.Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
35. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу – таажыга ылайыктуу түзүлүштүү камсыздоо,өсүмдүктөрдүк бийиктигин тегиздөө, жол белгилерин көрүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.Бак-дарактарды жана дадардарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып ( ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде ( апрель-май) жүргүзүлбөйт.
36. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
37. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадардарды, таажысы бузулган ( бир жактуу, жалпак ж.б.) жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жанбыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
38. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке тактарга, ишканалардын,мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет, жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
- иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, оошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргонуу камсыз кылуу;
- жашыл зоналар өскөн аймактардые тиричилик жана өндүрүш калдыктар, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуубашка заттар менен булганышына жол бербөө;
-жайында жана кургакчылыкта гүлзарларды, бак-дарактарды сугаруу;
-жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;
- багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадардарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
39.Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
- жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
- тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;
- бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;
- жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга ( аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, компост салуу үчүн атайын бөлүнгөнжерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максаткы ылайыктуу );
- от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга
- бак-дарактарга мыктарды кагууга,бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк- жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
- дарактардан шире,чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;
- белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;
- гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
40.Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
7.Тышкы жарыктандыруу
41. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт;
42. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22- августундагы № 155 токтому менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.
43. Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
44. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
45. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
46. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылат.
8. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын , кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
47. Ушул эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
48. Бул Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
49.Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
50.Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чараларын көрөт.
51.Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.