Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-марты № 141
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 "Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 "Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3, 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Аймактарды топторго, уюмдарды - Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жарандык коргонуу боюнча аткарылуучу милдеттердин көлөмүнө жараша шаарлар үчүн төмөнкүдөй категориялоо топтору аныкталат: өзгөчө, биринчи, экинчи жана үчүнчү. Аймактарды категориялоо топторуна киргизүү төмөнкүдөй критерийлер боюнча белгиленет:
1) категориялоонун өзгөчө тобуна Бишкек жана Ош шаарлары кирет;
2) категориялоонун биринчи тобуна төмөнкүдөй шаарлардын аймактары кирет:
- калкынын саны 50 миң адам жана андан көп же болбосо аймагында өзгөчө маанилүү категориядагы экиден кем эмес уюм же 10дон көп категорияланган уюм жайгашкан;
- эгерде шаардын калкынын же болбосо аймагынын 50 пайыздан ашыгы трансчек аралык же республикалык масштабдагы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаал зонасына кирсе;
3) категориялоонун экинчи тобуна төмөнкүдөй шаарлардын аймактары кирет:
- калкынын саны 50 миң адамга чейин же болбосо аймагында өзгөчө маанилүү категориядагы бирден кем эмес уюм же 5тен көп категорияланган уюм жайгашкан;
- эгерде шаардын калкынын же аймагынын 30дан 50 пайызга чейинкиси трансчек аралык же болбосо республикалык масштабдагы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаал зонасына кирсе;
4) категориялоонун үчүнчү тобуна төмөнкүдөй шаарлардын аймактары кирет:
- калкынын саны 30 миң адамга чейин же болбосо аймагында бирден ашык категорияланган уюм жайгашкан;
- эгерде шаардын калкынын же болбосо аймагынын 30 пайыздан азы трансчек аралык же республикалык масштабдагы мүмкүн болгон өзгөчө кырдаал зонасына кирсе.";
- 7, 8, 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары категориялоо топторуна кирген аймактардын жана Жарандык коргонуу боюнча категорияларга кирген уюмдардын тизмектерин даярдайт жана бекитилген тизмектерди Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тиешелүү аппараттарына киргизет.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары (жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары берген материалдардын негизинде) жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары категориялоо топторуна кирген аймактардын жана Жарандык коргонуу боюнча категорияларга кирген уюмдардын тизмектерин даярдайт жана бекитилген тизмектерди макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жиберет.
9. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары тарабынан берилген аймактарды категориялоо топторуна, уюмдарды Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүүнү караган тизмектерди макулдашат жана аларды Категориялоо топторуна кирген аймактардын, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусу боюнча категорияларга кирген уюмдардын реестрине киргизет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 25 (3778) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |