Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVI- сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 26/4
Таштандынын төлөмүн бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Жаңы-Алай айылдык кеңешинин регламентинин 2-главасына ылайык, “Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Бакмаматовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылына 1 (бир) ай үчүн таштанды төлөмү 1 (бир) кожолукка 100 сомдон жана 1 группанын майыптары, Чернобыль жана Афган согушунун катышуучуларныа 50% төлөнсүн деп белгиленсин.
2. Таштанды графиктин негизинде өз убагында айылдын ташып чыгуу жагы “Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Бакмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Бакмаматовго бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |