Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVI- сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 26/5
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылынын аймагында башкы пландын негизинде калктуу конуштун ичиндеги мурда курулган турак үйлөргө чечим чыгарып берүү боюнча
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарындагы «Айыл чарбасына жарактуу мурда көрктөндүрүлгөн, өздөштүрүлгөн жер тилкелеринин аянтын жеке менчигине таануу жөнүндө» берилген жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын «Жер-укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын 8,9-беренелерине ылайык, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык айылдарынын аймагында башкы пландын негизинде калктуу конуштун ичинде гана мурда курулган курулмалар (фундамент) турак үйлөр токтомдогу ээсине токтомдо көрсөтүлгөн чарчы метр жер аянты менен бекитилип берилсин.
2.Тишелүү юридикалык доккументтерин жер ээлеринин наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3.Бул буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жер адиси Ж.Раманкуловага, көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө калтырамын.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |