Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVI- сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 26/6
Жер мунапысынын объектилеринин пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлерине жер участогунун өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
«Жер мунапысынын объектилеринин пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлерине жер участогунун өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө» Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Жер мунапысынын объектилеринин пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлерине жер участогунун өлчөмү, анын фактылай ээлеп турган жер участогунун өлчөмүндө бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык доккументтерин жер ээлеринин наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына,ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө калтырамын
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |