Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVII- сессиясы

 

2023-жылдын 24-январы № 27/3

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттин  2021-2022жылга аткарылышы, 2023-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун  бекитүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги      27-сессиясы

 

токтом кылат:

 

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгү 10317,8 миң сомго,  анын  ичинен өздүк киреше 3172,1 миң сом(анын ичинен  атайын каражаттар  640,9 миң сом),  теңдештирүүчү трансферт 3570,0 миң сом республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 2369,0 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 1206,7миң сом  жана чыгаша бөлүгү  9356,1 миң сомго  аткарылгандыгы белгиленсин. 

2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгү 10725,1 миң сомго,  анын ичинен өздүк киреше 4246,8 миң сом(анын ичинен  атайын каражаттар  891,2 миң сом),  теңдештирүүчү трансферт 3484,0 миң сом, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 2083,1 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 911,2 миң сом  жана чыгаша бөлүгү  9248,8 миң сомго  аткарылгандыгы белгиленсин. 

3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 9832,5  миң сомго,  анын ичинен  теңдештирүүчү трансферт 6323,0миң сомго,  өздүк киреше -3509,5 миң сомго (анын ичинен атайын  каражаттар  445,0 миң сом)   бекитилсин. 

4. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше  жана чыгаша  бөлүгүнүн   долбоорунун планы  10687,5 миң сомго, анын ичинен:  теңдештирүүчү трансферт 6323,0миң сом,  өздүк киреше  4364,5 миң сом (анын ичинен атайын  каражаттар – 445,0 миң сом),  2025-жылга жергиликтүү  бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 11035,8 миң сомго анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 6323,0 миң сом, өздүк киреше  4712,8 миң сом (анын ичинен  атайын  каражаттар 445,0 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.

5.Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте  каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу,  отчет-учет иштерин убагында  айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына  милдеттендирилсин.     

6. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысына тапшырылсын.

7. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы          Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

М. Макенов