Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-сентябры № 498
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө
Жашыл энергетика чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 62 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жободо:
- 7-пункттагы "Абдумомунов көчөсү, 207" деген сөздөр "Эркиндик бульвары, 56" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктта:
1) 11-пунктчадагы ", штаттык санын" деген сөздөр "жана штаттык расписаниесин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 12-15-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пункттагы "9" деген цифра "7" деген цифрага алмаштырылсын;
- 16-пункттун тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кеңештин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан шартта укуктуу деп эсептелет.";
- 23-пункттагы "10" деген цифралар "5" деген цифрага алмаштырылсын;
- 27-пунктта:
1) 8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Фонддун Катчылыгынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин түзөт жана Фонддун Кеңешине бекитүүгө берет;";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди убактылуу пайдаланууга берүү маселелери боюнча чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алат.";
- 28-пунктта:
1) 3-пунктча "бюджеттик" деген сөздөн кийин ", депозиттик" деген сөз менен толукталсын;
2) 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Фонддун функцияларын жүзөгө ашыруу, жашыл энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен байланышкан башка маселелер боюнча адистерди, эксперттерди, окумуштууларды, консультанттарды тартат;";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүнү жүзөгө ашырат.";
- 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын;
"- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн жер участокторун пайдаланууга берүүдөн белгиленген тартипте түшкөн каражаттар;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |