Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVII- сессиясы
2023-жылдын 24-январы № 27/4
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1476,3 миң сом калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата 2022-жылдан пайдаланылбай калган 1476,3 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-113,0миң сом) калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. Айылдык Кеңештин сессиясында талкууланган 2023-жылдын 1-январына карата 2022-жылдан пайдаланылбай калган 1476,3 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-113,0миң сом) акча каражаты 2023-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүнө милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |