ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXX чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
2023-жылдын 28-декабрындагы №30/32-14
Чолпон-Ата шаарынын символикаларын иштеп чыгуу жөнүндө
Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри М.Койгелдиевдин маалыматын угуп, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 22-декабрындагы отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарынын символикаларын (герб, желек) Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан кайра иштеп чыгууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Чолпон-Ата шаарынын мэри А.Т.Турдубековго жүктөлсүн.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик каттоо реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.С.Бакиров |