ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXVII- сессиясы
2023-жылдын 24-январы № 27/6
Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган ветеринардык адис контрактык негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунда көрсөтүлгөн ветеринардык врачты жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин кезектеги 27 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн сунушунда көрсөтүлгөн Жаңы-Алай айылынын чак ортосунда жайланышкан “Сибир жарасынын” очогу баланста тургандыктан, Алай районунун ветеринардык адистери Гүлчө айылында жана жол аралыгы Гүлчө айылынан 90 чакырым алыс болгондуктан, ветеринардык профилактикалык иштер өз учурунда болбой, айылда жашаган элдерден арыздар көп түшкөнүн эске алып жергиликтүү бюджеттин эсебинен контрактык негизде ветеринардык адистик штат бирдиги киргизилсин.
2. 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 01-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын №1 тиркемесиндеги “Адис, инспектор” “2,10” коеффициенттик тарамы менен айлык акысы төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүүбоюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге, КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
М. Макенов |